
Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы министри Бакыт Торобаев 2026-жылы мамлекеттик бюджеттен айыл чарбасын колдоо үчүн 41 миллиард сом бөлүнөрүн билдирди.
Торобаев белгилегендей, бул каражаттын чоң бөлүгү капиталдык салымдарга жумшалат, ал эми 10 миллиард сом ирригацияга, 3 миллиард сом таза ичүүчү суу менен камсыздоого жумшалат.
«“Айыл банк” жана “Элдик банк” аркылуу ишке ашырылуучу алты финансылык программа боюнча 8,3 миллиард сом бөлүү каралган. Учурда өлкөдө 483 орто жана ири кайра иштетүүчү ишкана, 40 логистикалык борбор, 15 миң чакан бизнес, 269 жашылча сактоочу жай жана 119 союу пункту иштеп жатат. 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда, бул кайра иштетүүнүн үлүшүн 7%дан 25%га чейин жогорулатууга мүмкүндүк берет. 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкананы ишке киргизүү пландалууда», - деп кошумчалады министр.