Гор 75 өлкөнүн жарандары үчүн визалык саясат кайра каралып жатканын белгиледи.Анын айтымында, бул чаралар мыйзамсыз миграция менен күрөшүү жана визаларды берүү боюнча контролду күчөтүүгө багытталган.
Мындан тышкары, ал Америка Кошмо Штаттары бул региондогу мамлекеттер менен электрондук соода жана транспорт сыяктуу ар кандай секторлордо бизнес байланыштарын активдүү өнүктүрүүнү пландап жатканын баса белгиледи. Анын пикири боюнча, мындай саясат АКШга гана эмес, башка өлкөлөргө да пайда алып келет.
АКШнын негизги максаты — өз чек арасын коргоо.Мындан мурда АКШ 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграция визаларын берүү токтотулганын белгилөө маанилүү, анын ичинде Кыргызстан да бар.