
Кыргызстандын Улуттук банкы банктар секторунун негизги көрсөткүчтөрү боюнча туруктуу өсүшү тууралуу маалымдады.
2025-жылдын 30-ноябрына карата өлкөдө 21 коммерциялык банк жана 306 филиалы иштеп жатат.
Ушул жылдын башынан бери банктардын активдери 44,9% га жогорулап, 1 трлн 181,8 млрд сомду түздү.
Кредиттик портфель 43,6% га жогорулап, 489,3 млрд сомго жетти.
Ислам финансылык принциптери боюнча берилген каражаттардын көлөмү 100,8% га жогорулап, 18,1 млрд сомду түздү.
Депозиттер дагы оң динамиканы көрсөтүп, 38,8% га жогорулап, 822,4 млрд сомду түздү.
Бул негизги көрсөткүчтөрдөгү оң өзгөрүүлөр банктардын операцияларынын кеңейишин, калк жана бизнес тарабынан ишенимдин жогорулашын, ошондой эле өлкөнүн экономикасында кредит берүүнүн активдешүүсүн көрсөтөт.