Кыргызстанда алтын жана көмүр запастары өстү: тоо-кен тармагында эмне болуп жатат
Эң маанилүү натыйжалар 2024-2025-жылдарда байкалат. 2024-жылы Кумтор кенинде жүргүзүлгөн кеңири геологиялык изилдөө иштеринин натыйжасында алтын запастары 147,4 тоннага көбөйүп, мамлекеттик балансқа киргизилди. Бул кенди он жылдар бою пайдаланууну улантууга мүмкүнчүлүк берет, экологиялык жана социалдык аспектилерди эске алуу менен анын туруктуу иштешин камсыз кылат.
Мындан тышкары, өткөн жылы «Кумтор» калдыктар сактоочу жайында табылган запастар мамлекеттик баланска киргизилди, алар 121 тонна алтын жана 225 тонна күмүштү түзөт. Бул долбоорду ишке ашыруу 17 жылды алат деп күтүлүүдө. 2025-жылдын биринчи жарымында долбоордук иштер аякталат, андан кийин бир нече негизги объектилер иштей баштайт.
Нарын облусундагы Солтон-Сары кенинин Бучук участогунда алтынды байытуучу фабрика пилоттук режимде ишин баштап, алтын өндүрүүгө киришти.
Ошондой эле көмүр өнөр жайына болгон кызыгуу өсүп жатканын белгилөө керек. Өткөн жылдын башынан бери катуу отунду казып алуу үчүн 34 лицензия берилди жана 20дан ашык жаңы участок ишке киргизилди. Жаңы кендердин катарына Нарын облусундагы алтын кендери Шахтал, ошондой эле Ош облусундагы Кожо-Келен жана Беш-Бурхан көмүр кендери кирет.
Бул чаралар ички рынокту отун-энергетикалык ресурстар менен камсыздоого жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган.
Окшош материалдар:
