Кумтор жана жаңы долбоорлор: Кыргызстандагы кен казуу тармагы кандай бекемделүүдө
2021-жылдан 2025-жылга чейин Кыргызстандагы кен казуу сектору инвестицияларды көбөйтүү, геологиялык изилдөө иштерин активдештирүү жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу менен бекем өсүүнү көрсөтүүдө. Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, 2024 жана 2025-жылдары өзгөчө маанилүү жетишкендиктерге жетилди.
2024-жылы Кумтордо жүргүзүлгөн масштабдуу геологиялык изилдөө иштеринин натыйжасында алтын запастары 147,4 тоннага көбөйүп, мамлекеттик балансқа киргизилди. Бул кенди он жылдар бою пайдаланууну узартууга мүмкүнчүлүк берет, экологиялык жана социалдык стандарттарга ылайык туруктуу иштешин камсыз кылат.
Ошондой эле 2025-жылы Кумтордун калдыктар сактоочу жайынан алтын жана күмүш запастары мамлекеттик баланска киргизилди, алардын көлөмү 121 тонна алтын жана 225 тонна күмүштү түздү. Бул долбоордун ишке ашырылышы 17 жылга пландалууда. Долбоордук иштер 2025-жылдын биринчи жарымында аяктап, андан кийин бир катар негизги объектилерди пайдаланууга берүү башталды.
Нарын облусундагы Солтон-Сары кенинин Бучук участогунда алтынды байытуучу фабрика пилоттук режимде иштеп, алтын өндүрүүнү баштады.
Мындан тышкары, Табигый ресурстар министрлиги көмүр тармагына болгон кызыгуунун өсүп жатканын белгиледи. 2025-жылдын башынан бери көмүр казууга 34 лицензия берилди, 20дан ашык жаңы участок пайдаланууга берилди. Алардын катарына Нарын облусундагы алтын кендери Шахтал жана Ош облусундагы Кожо-Келен жана Беш-Бурхан көмүр кендери кирет.
Ведомстводо жүргүзүлүп жаткан чаралар ички рыноктун муктаждыктарын канааттандыруу жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталгандыгын баса белгилешет.
Окшош материалдар:
