Казакстан коңшу өлкөлөр менен, анын ичинде Кыргызстан менен, Starlink спутник интернетин бөлүшүүгө ниеттенүүдө
Мадиев өз сөзүндө, санарип инфраструктураны колдонуу Казакстанга регионалдык санарип интеграциясынын лидерлигин бекемдөөгө мүмкүндүк берерин белгиледи. Спутник интернети кошуна өлкөлөргө казак жеринде курулган гейтвей-станциялары аркылуу жеткиликтүү болот. Мисалы, быйыл трафик Тажикстанга жөнөтүлөт, ал эми келечекте Монголия жана Кыргызстанга туташуу күтүлүүдө. Мындан тышкары, Өзбекстан транскаспийдик оптикалык байланыш линиясы аркылуу офтейк-контракттарды сунуштоодо. Ошондой эле министр быйыл