
Лукашенко менен Ким Чен Ындын расмий жолугушуусу Пхеньянда өттү, деп билдирет агенттик. Жолугушуу Ким Ир Сендин ысымына аталган аянтта болуп, эки өлкөнүн гимндеринин аткарылышын, артиллериялык ок атууларды жана делегация мүчөлөрүнүн саламдашуу сөздөрүн камтыды. Иш-чарага атчан аскерлер жана ардактуу караул ротасы катышты.
Александр Лукашенко 25-мартта КНДРге расмий сапар менен келди. Беларуссиянын тышкы иштер министри Максим Рыженков, сапар учурунда достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу пландалып жатканын, ошондой эле ондон ашык башка документтерге кол коюу пландалганын билдирди.
Эске салсак, Лукашенко жана Ким Чен Ын 2025-жылдын сентябрь айында Пекинде өткөн парад учурунда жолугушкан, анда Түндүк Кореянын лидери беларус президентини каалаган убакта өз өлкөсүнө келип кетүүгө чакырган.