
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Монголия менен Кыргызстан ортосундагы эки тараптуу мамилелерге байланыштуу бир катар маселелерди талкуулашты.
Вице-министр Гомбосүрөн өлкөлөр ортосундагы кызматташтык «ар тараптуу өнөктөштүк» негизинде өнүгүп жатканын белгилеп, саясий диалогду жана экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө үмүт артарын айтты.
Өз кезегинде, элчи Молдогазиев өзүнүн Монголиядагы мандаты учурунда салттуу достук мамилелерди активдүү өнүктүрүүгө жана эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө ниеттенерин баса белгиледи.