
Бул гитара «Кара Stratocaster» деген атка ээ болуп, азыркы учурда сатылган эң кымбат гитаралардын тизмесинде биринчи орунду ээлеп турат. Жаңы ээси тууралуу маалымат азырынча жарыяланган жок.
Aукциондук үй Christie’s баштапкы баасын эки миллион доллардан төрт миллион долларга чейин баалаган.
Мурдагы эң кымбат гитара 1959-жылы чыгарылган электроакустикалык «Martin D-18E» модели болгон. Ал Курт Кобейнге, Nirvana тобунун фронтменине таандык болуп, 1993-жылы легендарлуу MTV Unplugged концертинде колдонулган. Бул гитара 2020-жылы $6 млнга сатылган.
Ошол эле аукциондо Курт Кобейндин дагы бир гитарасы — «Smells Like Teen Spirit» ырын тартуу үчүн колдонгон көк Fender Mustang да коюлган. Анын баасы $6,9 млнды түзгөн.
Бул музыкалык аспаптардын сатылышы америкалык миллиардер Жим Ирсейдин мүлкүн аукциондо сатуу учурунда болуп өттү, ал 2025-жылы дүйнөдөн кайткан. Коюлган лоттордун арасында белгилүү рок-музыканттарга таандык башка музыкалык аспаптар да болгон.