АКШда самолетту отургузуп, жүргүнчүнү телефонундагы азан үнү үчүн кармашты
Southwest Airlines компаниясынын Теннесиден Флоридага учуп чыккан авиарейси Атлантада пландалбаган конууга мажбур болду. Учакта инцидент болуп, атайын күчтөр жарандардын бири терроризмге шектелип кармалды. Кейинчерээк бул адамдын мусулмандардан экендиги маалым болду, деп билдирет TRT.
Учуу учурунда анын намаз убактысын көзөмөлдөөчү тиркеме ишке кирип, азан үнү угулду. Экипаж бул жагдайды коопсуздукка коркунуч катары кабыл алып, диспетчер менен байланышып, чукул конуу чечимин кабыл алышты.
Учак жана анын жүгү саперлер жана кинологдор тарабынан текшерилди, бирок кооптуу буюмдар табылган жок. Натыйжада кармалган жаран бошотулду.
Америкада учак кондуруп, телефонунда азан үнү угулганы үчүн жүргүнчү кармалганы тууралуу жазуу биринчи жолу K-News сайтында пайда болду.