
Аббас Арагчи
Арагчинин айтымында, өткөн жылы июнь айында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда, АКШ Иранга каршы аскердик чабуул жасаган. «Бизге быйыл бардык нерсе өзгөргөндүгү жана алар Ирандын ядролук программасы боюнча маселени тынчтык жолу менен чечүүнү каалагандыгы тууралуу кепилдиктер берилди. Биз үч раунд сүйлөшүүгө макул болдук, америкалык делегация да олуттуу прогрессти белгиледи. Бирок акыры алар бизге чабуул жасашты. Ошондуктан, мен америкалыктар менен кийинки сүйлөшүүлөр болбойт деп ишенем», — деди министр.
Арагчи ошондой эле АКШ жана Израиль Иранда бийликти кыска мөөнөттө алмаштырууну пландаштырган, бирок ийгиликсиз болуп, азыр кандай аракет кылыш керектигин билбей жаткандыгын билдирди. Ал Вашингтон менен Тель-Авивди мунай баасын жогорулатууда айыптады жана Ирандын башка өлкөлөрдөгү жана Ормуз булуңундагы аракеттери агрессияга жооп катары экенин белгиледи.
«Бул согуш бизге таңууланган. Биз агрессиядан коргонуп жатабыз», — деп баса белгиледи Ирандын тышкы иштер министри.
Иран бийлигинин оппозициялык жарандардын нааразылыктарына кандай мамиле кылары тууралуу суроого Арагчи, калктын басымдуу көпчүлүгү учурдагы бийликти колдойт деп жооп берди: «Адамдар бул агрессияга нааразычылыгын билдиришүүдө жана биздин куралдуу күчтөрдү колдошууда. Ар жерде иран желектери желбиреп жатат...»