
Индонезиянын борбордук бөлүгүндө Семеру вулканынан жаңы жарылуу болду. Report агенттигинин Antara маалыматтарына шилтеме берип билдиргенине караганда, күл кратерден 3 миң метр бийиктикке көтөрүлгөн, бул деңиз деңгээлинен 6 676 метрге барабар.
Индонезиянын вулканология жана геологиялык кырсыктарды азайтуу борбору жашоочуларды жана туристтерди кратерге 5 километрден жакын барбоого эскертти, анткени ысык таштардын чыгарылышы мүмкүн.
Аделя Клычева