Мексикада эң ири наркокартелдердин биринин лидери жок кылынды. Бузуулар башталды
Улуттук коргонуу министрлигинин маалыматына ылайык, операция таң эрте жүргүзүлгөн жана аскерлер кол салууга туш болушкан, ага жооп катары күч колдонушкан. Натыйжада Осегера оор жаракат алып, медициналык мекемеге жеткенче көз жумган.
Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум федералдык бийликтер жергиликтүү администрациялар менен тыгыз кызматташып, кырдаалды көзөмөлдөп жатканын тастыктады. Ал "өлкөнүн көпчүлүк аймагында тынчтык сакталууда" деп белгилеп, бардык оперативдик маалыматтар күч структураларынын расмий каналдары аркылуу таралып жатканын айтты.