
Маалымат булактарына ылайык, сүйлөшүүлөр өтүп жаткан аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Жыйындын башталышы жергиликтүү убакыт боюнча 09:00гө пландалган.
Россия, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн катышуусундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду 17–18-февралда Женевада өтүүдө. Россия делегациясын РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский жетектесе, Украинаны Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Рустем Умеров өкүлчүлүк кылууда.