Рубио: АКШ Россиянын тынчтыкка умтулуусуна ишенбейт
Рубио Америка Кошмо Штаттары Украина менен Россия үчүн да кабыл алынуучу компромисс келишимин табуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү улантып жатканын белгиледи.
«Биз россиялыктардын чындап эле согушту токтоткусу келеби, же жокпу, ишенбейбиз. Алар ушундай деп билдиришет, бирок тынчтык жөнгө салуу үчүн даяр болгон шарттар так эмес», — деп кошумчалады ал.
Мамлекеттик катчы ошондой эле АКШ тынчтыкты камсыз кылуу үчүн аракеттерин уланта турганын баса белгиледи.
«Мен бул жерде катышып жаткан эч ким тынчтык жолу менен конфликтти чечүүгө каршы эместигине ишенем, эгерде шарттар адилеттүү жана туруктуу болсо», — деди Рубио.
Трансатлантикалык мамилелердеги чыңалуунун күчөшү контекстинде ал АКШ менен Европа ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө чакырды, коопсуздук жана гүлдөп-өсүү үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилеп.
«Европа жашап калууга тийиш, анткени биздин тагдырларыбыз ажырагыс байланышта», — деди ал.
Мындан тышкары, Рубио массалык миграция маселесин сынга алып, аны батыш коомдору үчүн дестабилизациялоочу фактор деп атады.
«Бул жөн гана маанисиз маселе эмес, бүтүндөй Батыш коомдорун трансформациялап, дестабилизациялоочу олуттуу кризис», — деп белгиледи ал.
62- Мюнхен коопсуздук конференциясы 13-февралдан 15-февралга чейин Германияда өтүп жатат, ага 60тан ашык мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары, ошондой эле 100гө жакын өлкөнүн коргоо министрлери катышууда. Талкуунун борбордук темаларынын бири Россия менен Украина арасындагы конфликтти токтотуу болуп саналат.