
Европа парламент Украина үчүн 2026-2027-жылдарга €90 миллиард өлчөмүндөгү кредит берүү чечимин кабыл алды. Бул чечимди 458 депутат колдосо, 140 депутат каршы добуш берди, деп билдирет AFP.
Добуш берүү Европарламентте аталган кредитти бекитүүнүн акыркы кадамы болду.
Европа Союзунун өлкөлөрүнүн лидерлери 2025-жылдын декабрь айында Украинага пайызсыз кредит берүү боюнча макулдашышкан. Кредит капитал рынокторундагы насыялар аркылуу каржыланат жана ЕС бюджети тарабынан камсыздалат, бул үчүн башында пландаштырылгандай орус активдери колдонулбайт. Кредитти төлөө Россия Украинага репарация төлөгөн учурда болот. Каражат эки бөлүккө бөлүнөт: €60 миллиард аскердик сатып алуулар үчүн, ал эми €30 миллиард өлкөнүн бюджетин колдоо үчүн бөлүнөт. Биринчи транш 2026-жылдын экинчи кварталынын башында Киевге жөнөтүлөт деп күтүлүүдө.