
8-февралда кечинде Тажикстандын гуманитардык жардамын, анын ичинде азык-түлүк, жылуу кийим, чатырлар жана суу өткөрбөй турган пленка камтыган алты жүк унаасынан турган колонна Египет менен Палестина чек арасындагы Рафах өткөрмө бекетинен өттү деп маалымдалууда. Бул иш-чарага Тажикстандын Египеттеги элчиси жана Тажикстандын кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрү катышты, деп билдирет Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги.
Тажикстан бул региондогу конфликттин биринчи күндөрүнөн бери Газа калкына гуманитардык жана финансылык жардам көрсөтүп келет, деп айтылат министрликтин расмий маалыматында.
6-февралда өткөн пресс-конференцияда Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин Газага жөнөтүлгөн гуманитардык жардам тууралуу маалымат берди.
Ал ошондой эле, 2025-жылдын январь айында Тажикстан башка мамлекеттер менен биргеликте Газа калкына 200 тонна буудай унун жөнөтүп жатканын эске салды.
Министр Тажикстандын Газадагы кырдаалга болгон позициясы өзгөрбөстүгүн жана өлкө конфликтти тынчтык жолу менен чечүү аракеттерин колдоону улантып жатканын белгиледи.