
20-январда башталган кар түшүүлөр өлкөнүн бардык аймагын камтып, Токио да көп жылдан бери биринчи жолу кар менен капталды. Мурда 35 жабыркаган адам жана 400дөн ашык жабыркагандар тууралуу маалымат берилген.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, жабыркагандардын көбү үйлөрүнүн чатырларын же тегерегиндеги жерлерди кардан тазалоо аракетинде тең салмактуулугун жоготушкан. Эң көп өлүм катталган префектура Ниигата — 17 адам. Чамамен 193 жабыркаган адам оор жаракат алган.
The Guardian'дын маалыматына ылайык, Жапониянын 47 префектурасынын 15инде кардын бийиктиги айрым жерлерде 2 метрге жеткен. Аомори префектурасында 1700дөн ашык үй электр энергиясынан ажыратылган, ошондой эле авиарейстер жана темир жол каттамдары токтотулган. Ар кандай атайын кызматтардын, анын ичинде «шашылыш жардам» кызматтарынын иши кардан улам кыйынчылыкка учураган. Жапон бийликтери температуранын жогорулашы жана кардын эриши себептүү жаңы кырсыктар болушу мүмкүн экендиги тууралуу эскертүү беришүүдө.