
АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн рекорддук деңгээлге жеткен мамлекеттик карызынын экономикалык өсүш аркылуу маанилүү түрдө кыскарышына үмүт артып жатканын билдирди. «Бизде карыз бар болгону менен, биз (экономикалык - ред.) өсүштү да байкап жатабыз, ал жакын арада бул карызды маанисиз кылат», - деди Трамп NBC менен болгон интервьюсунда.
Американын каржы министрлиги берген маалыматка ылайык, өткөн жылы АКШнын мамлекеттик карызы биринчи жолу 38 триллион доллардан ашып кеткен.