
Космостук изилдөөлөр институтунун (ИКИ) күн астрономиясы лабораториясы жүргүзгөн байкоолордун натыйжасында, 2026-жылдын 3-февралында Күндө 16 жарылуу болгон. Алардын төртөө C классына, 11и M классына, ал эми бирөө X классына тиешелүү, деп билдирет РИА Новости.
«Катталган C классы жана андан жогору жарылуулар жалпы 16 болду. Алардын төртөө C классы, 11и M классы жана бир жарылуу X классына кирет», — деп такталат ИКИ РАНдын билдирүүсүндө.
Мындан тышкары, илимпоздор Күндөгү активдүү аймактын бир сутка ичинде 50%ка кеңейгенин жана бир күндө күчтүү жарылуулар (M + X) боюнча жаңы рекорд орнотконун белгилешти.