Трамп Гренландия боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталганын билдирди
Трамп журналисттер менен сүйлөшүп жатып: «Биз сүйлөшүүлөрдү баштадык. Мен бул бардык тараптар үчүн пайдалуу келишимге алып келет деп үмүттөнөм. Улуттук коопсуздук жагынан бул абдан маанилүү. Биз келишимге жетишебиз деп ишенем», - деди.
Бул билдирүү Ак үйдүн YouTube каналында жарыяланган учурда айтылды.
Мурда Трамп АКШнын Гренландияны көзөмөлдөшүнүн улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарылдыгын бир нече жолу белгилеген. 22-январда ал НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен жолугушуп, АКШнын аралдагы аскердик катышуусун көбөйтүү жана минералдарды казып алуу тармагында артыкчылыктар берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаган.
Дагы окуңуз:
Ак үйдө Америка Кошмо Штаттары Гренландияны сатып алуу варианттарын, анын ичинде аскердик каражаттарды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап жатканы билдирилди.
Ак Үйдүн маалыматына ылайык, президент жана анын командасы бул максатка жетүү үчүн ар кандай...