АКШ президентинин атайын өкүлү Украина боюнча Россия менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди
АКШ делегациясынын курамына финансылык министр Скотт Бессент, Дональд Трамптын күйөө баласы Джаред Кушнер жана Ак үйдүн улук кеңешчиси Джош Грюнбаум кирди.
Стив Уиткофф жолугушуунун натыйжалары боюнча оптимизмин билдирди, Россиянын Украинада тынчтыкка жетишүү үчүн иштөөгө даяр экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле АКШ президентине бул процесске активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Мурда Абу-Дабиде Россия, Украина жана АКШ өкүлдөрүнүн ортосундагы биринчи үч тараптуу сүйлөшүүлөр өттү. Украина президенти Владимир Зеленский алардын натыйжаларын оң баалады жана делегациялар 1-февралда кайра жолугушаарын билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы, 1-февралдагы кийинки сүйлөшүүлөрдө Вашингтондун делегациясы дагы катышарын кошумчалады, бирок, Уиткофф жана Кушнер бул жолугушууга катышпайт деп болжолдонууда.