Колумбияда жүргүнчү учагы кырсыкка учурады
Колумбияда болгон авиакырсыктын натыйжасында 15 адам болгон жүргүнчү учагы кулап түштү. Бардыгы мерт болду, деп билдирет «Синьхуа» агенттиги.
Колумбиянын RTVC Noticias телеканалынын маалыматына ылайык, мамлекеттик авиация компаниясына таандык Beechcraft 1900 учагынын калдыктары жергиликтүү тургундар тарабынан улуттук полиция кызматкерлеринин жардамында табылган.
Авиация компаниясынын маалыматы боюнча, бул учак Кукута — Оканья маршруту боюнча NSE 8849 ички рейсин аткарган. Учак 11:42де көтөрүлгөн, ал эми авиадиспетчерлер менен акыркы байланыш 11:54тө, көтөрүлгөндөн 12 мүнөт өткөндөн кийин болгон. Учакта 13 жүргүнчү жана эки экипаж мүчөсү болгон.
Колумбиянын жарандык авиация башкармалыгы бул трагедиянын себептерин иликтөө жана аракеттерди координациялоо үчүн бириктирилген командалык пунктту түзүү боюнча өзгөчө протоколдорду ишке киргизүү боюнча иштерди баштаганын билдирди.