Самар облусунда мигранттарга курьер жана сатуучу болуп иштөөгө тыюу салынды

Владислав Вислоцкий Дүйнө
VK X OK WhatsApp Telegram
Самар облусунда мигранттарга курьер жана сатуу кызматында иштөөгө тыюу салынды

Иллюстративдик сүрөт
Учурда Самар облусунда эмгек мигранттарына 117 түрдүү ишмердүүлүккө тыюу салынган. Мурдагы чектөөлөр жеңил автоунаа такси, билим берүү мекемелери, дарыканалар жана жумушка орноштуруу агенттиктеринде иштөөгө байланыштуу болгон. Азыр болсо бул тизмеге көптөгөн тармактар кошулуп, ал кеңейди:


Айрыкча, мигранттарга мугалим, машыктыруучу, бала карап берүүчү кызматтарда иштөөгө, ошондой эле соода түйүндөрүнүн көпчүлүгүндө, программалоо тармагында жана учкучсуз учактарды жыйноо менен алектенген ишканаларда иштөөгө тыюу салынган.

Губернатордун документинде көрсөтүлгөндөй, компанияларга белгиленген экономикалык багыттар боюнча тыюуларга ылайык "чет элдик жумушчулардын санын" тууралоо үчүн үч ай берилет.

Патент боюнча иштеген мигранттар үчүн окшош чектөөлөр Россиянын көптөгөн аймактарында киргизилген. Бош орундарды Россиянын же Евразия экономикалык биримдигине (Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Армения) кирген мамлекеттердин жарандары ээлейт деп күтүлүүдө.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: