Испаниядагы поезддердин кагылышуусунда каза болгондордун саны 39га жетти

Акыркы маалыматтар боюнча, жаракат алган адамдардын көбү Кордова шаарындагы медициналык мекемелерге жаткырылган. Учурда 73 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө, алардын 24ү критикалык абалда, анын ичинде төрт жашы жете элек бала бар.
Окуя 18-январь күнү кечинде, Малагадан Мадридге бараткан Iryo поезди рельстен чыгып, 200 км/ч ылдамдыкта келе жаткан Alvia поездинин жолуна кулап кеткенде болгон.
Бул трагедиянын натыйжасында Мадрид менен Андалусия ортосундагы поезддердин кыймылы токтотулду. Темир жол оператору Renfe жүргүнчүлөргө токтоп калган кыймылга байланыштуу билетти акысыз алмаштырууга же жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк сунуштады.
Окшош материалдар:
