
Журналисттар менен Эндрюс аскердик базасында болгон маегинде Трамп, кандай чаралар көрүлөрү тууралуу так түшүнүгү бар экенин, бирок деталдарын ачыктабай турганын белгиледи. «Мен бул эмне болорун так билем. Биз чечим кабыл алышыбыз керек. Бирок, албетте, мен сиздерге айта албайм», — деди ал. Ошондой эле президент ирандык бийликтердин нааразычылык билдирип жаткан адамдарга гуманизм көрсөтөөрүнө үмүт артарын билдирди. «Аларда чоң көйгөйлөр бар. Мен алар адамдарды өлтүрбөйт деп үмүттөнөм... Алардын абалы өтө начар экенин сезем. Бирок бул тастыкталган эмес», — деп кошумчалады Трамп.
Ушул жума соңунда АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Ирандын шах династиясынын мураскери Принц Реза Пехлеви менен өлкөдөгү нааразычылык акцияларынын учурдагы абалын талкуулоо үчүн жолугушту. Бул тууралуу Axios басылмасы, жогорку кызматтагы америкалык чиновниктердин булактарына таянып, маалымдады.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи, өз кезегинде, өкмөт нааразычылык акцияларынын абалын көзөмөлдөп жатканын билдирди. Ал Тегеранда АКШ жана Израильдин Ирандагы акыркы террордук актыларга тиешеси бар экендигин тастыктаган маанилүү далилдер бар экенин да белгиледи.