Соловьев Армения жана Борбордук Азия тууралуу билдирүү жасады. Ал дипломатиялык скандал жаратты.
Соловьев акыркы эфирлеринин биринде Россиянын Венесуэладагы АКШ сыяктуу "эл аралык укукту эске албашы" керектигин жана Армения менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн иштерине күч менен кийлигишүүнү карап чыгышы керектигин билдирген.
“Биз үчүн Арменияны жоготуу Венесуэладагы окуялардан алда канча оор, - деп Meduza Соловьевдун сөздөрүн келтирет. - Арменияны жоготуу - бул чоң көйгөй. […] Эгер бул биздин улуттук коопсуздугубуз үчүн зарыл болсо, эл аралык укукту эске албашыбыз керек. Эгер биз Украинада СВО баштасак, анда биздин таасир зонабыздагы башка региондордо эмне үчүн мындай кылбайбыз?”
Армениянын Тышкы иштер министрлиги бул билдирүүлөргө жооп катары орус элчисине мамлекеттик телеканалдын эфиринде жасалган комментарийлерге байланыштуу "терең нааразычылык" билдирген нота тапшырган. Ведомство мындай сөздөр Москва менен Ереван ортосундагы достук рухуна каршы келерин белгилеген.
Башкы беттеги сүрөт: Кирилл Зыков / "РИА Новости".
Окшош материалдар:
