Трамп: Венесуэла АКШга 30дан 50 миллион баррель мунай жеткирет
Президенттин айтымында, нефть базар баасында сатылат жана кирешелердин көзөмөлүн ал жеке жүргүзөт, бул каражаттар Венесуэла жана АКШ элинин пайдасына жумшалат. Трамп ошондой эле энергетика министри Крис Райтка бул планды дароо ишке ашырууну тапшырды. Нефть танкерлер менен ташылып, АКШдагы жүктү бошотуу терминалдарына жеткирилет.
dpa агенттиги билдиргендей, бул олуттуу финансылык ресурстар жөнүндө сөз болуп жатат. Соңку айларда Трамп Венесуэла жетекчилигин АКШга наркотрафикти уюштуруу менен айыптады, бул анын пикири боюнча, улуттук коопсуздукка коркунуч туудурат. Өз кезегинде Венесуэла бийликтери Вашингтон өлкөнүн табигый ресурстарына ээ болууну көздөп жатат деп билдиришет.
Венесуэла дүйнөдөгү эң ири нефти запастарына ээ. 2005-жылга чейин ал АКШга нефтинин негизги жеткирүүчүсү болгон, бирок 2007-жылы Уго Чавес тарабынан жүргүзүлгөн улутташтыруудан кийин, америкалык компаниялардын активдери конфискациялангандыктан, абал өзгөрдү.
3-январда Венесуэлада АКШ тарабынан жүргүзүлгөн аскердик операциядан кийин, Трамп америкалык компаниялар "өлкөгө келип, миллиарддарды коротуп, талкаланып кеткен инфраструктураны калыбына келтирет" деп белгиледи.
Ошол эле учурда Венесуэланын убактылуу президенти Делси Родригес 6-январда Мадуро кармалгандан кийин өлкөнү тышкы башкаруу жөнүндө маалыматтарды четке какты. "Биздин өлкө венесуэлалык өкмөт тарабынан башкарылат, жана башка эч ким кийлигише албайт", - деп баса белгиледи.
Родригес америкалык аскердик операциянын курмандыктары үчүн жети күндүк аза күтүү жарыялады. Венесуэла бийликтери операция учурунда 24 аскер кызматкери каза болгонун, ал эми куба тарап Венесуэлада коопсуздук тармагында иштеген 32 кубалык жарандын каза болгонун маалымдады.
Окшош материалдар:
