Кыргызстандык Асан Жанышов күрөш боюнча Азия чемпионатын жеңди

Наталья Маркова Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстандык Асан Жанышов күрөш боюнча Азия чемпионатын жеңди
Сүрөт UWW. Асан Жанышов
Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Бишкекте өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында жеңишке жетти. Тийиштүү маалымат UWW сайтына жайгаштырылган.

87 килограммга чейинки категориядагы чечүүчү беттеште ал ирандык Голамреза Фарокхисенжани 11:4 эсебинде жеңип алды.

Мурда ушул турнире Афтандил Таалайбек уулу жана Акжол Махмудов грек-рим күрөшүндө Азия чемпиондору болушту. Бүгүн Роман Ким коло медаль үчүн күрөшөт, ал эми Улан Муратбек уулу үчүнчү орун үчүн беттеште жеңилип калды.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: