Президент НОК Кыргызстана Умбеталы Кыдыралиев кызматтан кетти
Кыдыралиев бул кызматка 2024-жылдын декабрь айында, Париждеги Олимпиада оюндарынын соңунда Садыр Мамытовдун ордуна келген.
27-мартта НОКтун Аткаруу комитетинин жыйыны болуп өтүп, 29-апрелде НОКтун кезексиз Жалпы жыйнын өткөрүү чечими кабыл алынган.
Жаңы президенттикке талапкерлердин тизмеси 11-апрелде жарыяланат.
Умбеталы Кыдыралиев НОКтогу ишинен тышкары Жогорку Кеңештин депутаты жана Кыргызстандагы бокс федерациясынын президенти. Ал ошондой эле мурда алтынчы чакырылыштагы ЖКнын депутаты болуп, 2021-жылдагы Конституциялык жыйынга катышкан, «Кыргызалтын» ААКнын башкармалыгын жетектеп, «Кумтор Голд Компани» ЖАКнын Директорлор кеңешине кирген.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Умбеталы Кыдыралиев Кыргызстандын НОК президенти кызматынан кетти
Умбеталы Кыдыралиев Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти кызматынан отставкага...
Коммерциялык банктардагы валютанын курсу 23-март: рублдун баасы төмөндөгөн, доллар бир аз жогорулаган
Кыргызстандын Улуттук банкы 23-мартка карата чет өлкөлүк валюталардын курстары тууралуу маалыматты...