Ак-Талдык күрөш мектебинин тарбиялануучусу Байэл Рысбеков Бишкекте өткөн мелдеште байгелүү орунга ээ болду
Жаш спортчунун машыктыруучусу Чынгыз Жамаловдун билдирүүсүнө караганда, 25-мартта Бишкекте, Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында, СССРдин спорт чебери жана Кыргыз ССРинин эмгектеги машыктыруучусу Раджап Жанаевдин элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өттү. Бул мелдештин жыйынтыгында Байэл Рысбеков коло медаль алды.
«Бул турнир 29 жылдан бери өтүп келет жана ага Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн жаш балбандары катышат. Мен бул мелдешке жети спортчуну алып келдим. 17 жашка чейинки категорияда Байэл Рысбеков үчүнчү орун үчүн Өзбекстандык балбан менен беттешип, жеңишке жетти. Мындан тышкары, ал мурда эл аралык турнирлерде алтын медалдарды утуп алганын белгилеп кетүү керек», - деди машыктыруучу Жамалов.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Ак-Тала районунда эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрүн сыйлашты.
Нарын облусунда, Ак-Тала районунда, «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин жаш...
Кыргызстандык күрөшчүлөр Тиранадагы турнирдеги үч медальды жеңип алышты
Тиранада өткөн турнире кыргызстандык эркин күрөш командасы командалык эсепте 7-орунду ээледи....