




Кыргызстанда Футбол федерациясы тарабынан уюштурулган скаутинг боюнча семинар өтүүдө. Семинарга катышуучулар оюнчуларды издөө жана баалоо боюнча заманбап методдор менен таанышууга, ошондой эле келечектеги футболчуларды аныктоо үчүн матчтарды талдоо боюнча практикалык көндүмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк алышат.
КФСтин маалыматы боюнча, программага Talents Cup турниринин матчтарын көрүү жана эксперттер менен суроо-жооп форматындагы жеке сессиялар киргизилген.
Семинарды өткөрүүчү негизги инструктор - Ричард Аллен, скаутинг жана таланттарды аныктоо боюнча белгилүү англис адиси, ФИФАнын натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча эксперти. Анын активинде «РБ Лейпциг», «Куинз Парк Рейнджерс» жана «Тоттенхэм» сыяктуу клубдар менен иштөө тажрыйбасы бар.
22-мартта башталган семинар 25-мартка чейин уланат жана жергиликтүү адистердин квалификациясын жогорулатуу жана Кыргызстандагы футболчуларды тандоо системасын өнүктүрүү боюнча маанилүү кадам болуп калат.