PWL 11 мелдеши 27-мартта Ташкентте өтөт.
Сезим Жуманазарова 59 кг салмак категориясында күрөшөт, анын атаандашы Өзбекстандан Азиянын вице-чемпиону Лайлохон Собирова болот.
Мындан тышкары, турнире Акжол Махмудов, Абдумалик Карачов жана Өмүрбек Асан уулу сыяктуу күрөштөрдүн катышуусу пландалууда.
Башында Айпери Медет кызынын Япониянын Олимпия чемпиону Юка Кагами менен беттеши күтүлүп жаткан, бирок бул жекпе-жек япон спортчусунун жаракат алуусуна байланыштуу жокко чыгарылды.
Бул публикацияны Instagramда көрүңүз
Публикация PWL | Professional Wrestling League (@wrestliga_com) тарабынан