25 жашка толгон спортчу, ушул жылдын январь айында Ош шаарында өткөн өлкө чемпионатында экинчи орунду ээлеген.
Бишкектеги СДЮШОР «Олимп» өкүлү Бекаури финалга чейин жетип, Даут Полтушевге утулуп, күмүш медаль уткан.
Мындан тышкары, ал 20-22-мартта Тбилисиде (Грузия) өтө турган Большой шлем турнирине катышуу үчүн Кыргызстан командасына киргизилди.
Грузия командасынын курамында Бекаури 2017-жылы кадеттер арасында Европа Кубогунун эки жолу жеңүүчүсү болгон, ал эми 2019-жылы U-21 категориясында Европа Кубогун уткан.
Ошондой эле, анын активинде 2017-жылдагы кадеттер арасында Европа чемпионатынын күмүш медалы жана 2019-жылдагы жаштар Европа чемпионатынын коло медалы бар.
2020-жылы Бекаури Хорватияда өткөн жаштар Европа чемпионатында 5-орунду ээлеп, андан кийин мелдештерге катышкан эмес.
Бул публикацияны Instagramда көрүңүз
Публикация от ჯუდოს დღიურები /Judo Diaries (@judo_diaries)