
Кыргыз Республикасынын Баскетбол Федерациясынын кезексиз жыйыны Артем Новиковду президенттик кызматка бир добуштан шайлоо менен аяктады.
Алгачкы сөзүндө, Новиков башкармалыктын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, спортту өнүктүрүү жана жаштарды колдоо мамлекеттик саясаттын алкагында маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле, президент Садыр Жапаров өлкөдөгү спортту илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн бир нече жолу баса белгилегенин жана учурда бул багытта маанилүү кадамдар жасалганын айтты.
Новиковдун айтымында, федерация үчүн негизги приоритеттер балдар-өспүрүмдөр баскетболун өнүктүрүү, улуттук курама командаларды чыңдоо жана Кыргызстан боюнча спорттук инфраструктураны кеңейтүү болот.
Новиковду шайланышы менен куттуктап, башкармалыктын төрагасы Нияз Исаков анын башкаруудагы тажрыйбасы республикадагы баскетболдун өсүшүнө түрткү берет деген ишенимин билдирди.