Кыргызстандын борбору Бишкекте 11-марттан 27-апрелге чейин Универсиада өтөт. Бул маалыматты Жаштар жана спорт агенттиги билдирди.
Иш-чарага өлкөнүн ар түрдүү жогорку окуу жайларынан 2500–3000 студент катышат деп күтүлүүдө.
Универсиаданын ачылышы 12-мартта саат 15:00дө «Газпром» спорттук комплексте пландалган.
Сорундар Жогорку жана I лига боюнча уюштурулат. Студенттер 15 спорттук дисциплинада атаандашышат:
- волейбол
- баскетбол
- футзал
- ордо
- тогуз коргоол
- шахмат
- жеңил атлетика
- оор атлетика
- эркин күрөш
- грек-рим күрөшү
- самбо
- дзюдо
- бокс
- кыргыз күрөшү
- үстөл тенниси