Кара-Куль шаарында жаштар арасында волейбол боюнча Кыргызстан чемпионатынын I туру башталды
5-мартта атайын балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде жайгашкан «Энергетик» спорт залында 18 жашка чейинки жигиттер жана кыздар үчүн турнирдын I турунун оюндары башталды.
Чемпионатка Бишкек жана Ош шаарларынан командалар, ошондой эле өлкөнүн бардык жети облусунун өкүлдөрү катышууда, жалпы конкурска 18 команда тартылган — 9 эркектер жана 9 аялдар командасы.
Турнирди уюштуруучулар чемпионаттын негизги милдеттери төмөнкүлөр экенин белгилешет:
- жаштар арасында волейболду өнүктүрүү жана популяризациялоо;
- резервдик курама командаларды түзүү үчүн таланттуу спортчуларды издөө жана аныктоо;
- республикалык жана региондук деңгээлде командалар арасында тажрыйба алмашуу үчүн платформа камсыздоо.
Бардыгы болуп 18 команда катышууда: 9 эркектер жана 9 аялдар коллективи.