
Архивден алынган сүрөт. Эрназар Акматалиев
Бекзат Алмаз уулу 57 килограмм салмак категориясында рейтингде экинчи орунду ээлейт. Үчүнчү орунда 74 килограмм салмакта күрөшүп жаткан Эрназар Акматалиев турат. Тайырбек Жумашбек уулу сегизинчи орунда (61 килограммга чейин), Орозобек Токтомамбетова 24-орунда (74 килограммга чейин), ал эми Мухаммад Абдуллаев 86 килограмм категориясында 34-орунду ээлейт.
Эскерте кетсек, өткөн жылы эркин күрөш боюнча рейтингде Кыргызстандан 17 өкүл катталган, алар UWW рейтингине жылдын жыйынтыгы боюнча кирген.