
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Уюмдашкан күрөш дүйнөсү (UWW) тарабынан түзүлгөн рейтингде үчүнчү орунду ээлеп алды.
2025-жылы Хорватияда өткөн дүйнө чемпионатында 25 жаштагы спортчу 70 килограмм салмак категориясында коло медаль утуп алды.
Чемпионатта жетишкен упайлары Акматалиевге UWWнын дүйнөлүк рейтингинде үчүнчү орунга көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Ал февралдын аягында Албанияда өтө турган рейтингдик турнире катышууну пландаштырууда.
2025-жылдын аягында Акматалиев аталган рейтингде бешинчи орунда турганын белгилеп өтүү керек.