Вероника Бернацкая аялдар Азия Кубогун тейлейт
Турнир 1-мартта башталып, Австралиянын Сидней шаарында өтөт.
Кыргыз футбол федерациясынын маалыматына ылайык, учурда Вероника алдын ала даярдык этапында. Даярдыктын алкагында теориялык сабактар, практикалык көнүгүүлөр жана эл аралык стандарттарга ылайык физикалык даярдыкты баалоо үчүн атайын тест пландалган.
«Бул этаптын максаты - мелдештерде ийгиликтүү иш алып баруу үчүн зарыл болгон жогорку деңгээлдеги физикалык жана теориялык даярдыкты камсыз кылуу», - деп белгиленет КФСтин билдирүүсүндө.
Даярдык 28-февралга чейин уланат.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Кубок Азия: Кыргызстан командасы биринчи турундарда кандай ойноду? Жыйынтыктар
6-январда Кыргызстандын жаштар курама командасы футбол боюнча 23 жашка чейинки командалар үчүн Азия...