Кыргызстанда Азия чемпионатына даярдык башталды

Елена Краснова Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстанда 6-апрелден 12-апрелге чейин Бишкекте өтө турган Азия чемпионатына даярдык көрүү иш-чаралары башталды.

17-февралда Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Кыргызстандын күрөш федерациясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда келе жаткан турнирдын негизги уюштуруу аспектилери талкууланды.

«Жолугушуунун катышуучулары спорттук инфраструктураны, логистиканы жана командаларды жайгаштырууну, катышуучулар жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн аккредитацияны даярдоого байланыштуу маселелерди карашты, ошондой эле коопсуздук, медициналык камсыздоо жана коноктор менен расмий делегациялар үчүн маданий программа боюнча маселелерди көтөрүштү», - деп билдирет маалымат кызматы.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: