Кыргызстандын өкүлү велоспорт боюнча Азия чемпионатында эки медаль утту

Юлия Воробьева Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстандын өкүлү велоспорт боюнча Азия чемпионатында эки медаль утту
Кыргызстандын велоспорт боюнча командасы 5-февралдан 13-февралга чейин Саудия Аравиясында өтүп жаткан 45-Азия чемпионатына катышууда, бул тууралуу аталган спорттун федерациясы маалымдады.

Кыргызстандын өкүлү Игорь Филин «мастерс 60-64» категориясында 62,4 чакырым аралыктагы топтук жарышта жеңишке жетип, алтын медальды утту. Ал буга чейин 20 чакырым аралыктагы бөлүнгөн стартта күмүш медаль уткан.
Кыргыз велоспорт федерациясынын сүрөтү
Бул жеңиш Кыргызстан үчүн өлкөнүн көз карандысыздыгы учурундагы топтук жарышта биринчи жолу жана жол велоспорту боюнча Азия чемпионаттарында бешинчи алтын медаль болуп калды.

Мурда континенттик чемпионаттарда алтын медальды Евгений Ваккер утуп, 2007, 2008, 2011 жана 2012-жылдары индивидуалдык жарыштарда чемпион болгон.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: