УТРК Кыргызстанда Италиядагы Кышкы Олимпиада оюндарыны көрсөтөт
УТРК Спорт телеканалы бул мелдештерди трансляциялоо үчүн лицензия сатып алды.
УТРКнын генеральдык директору Улан Сатиев АКИpressке берген интервьюсунда: «Биз үчүн бул тарыхый учур: биринчи жолу УТРК Спорт телеканалы Олимпиадалык оюндарды түз эфирден трансляциялоо лицензиясын алды» деп белгиледи.
Ачылыш аземи түз эфирде 6-февралдан 7-февралга караган түнү, саат 01:00дө көрсөтүлөт.
Дагы окуңуз:
XXV кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын улуттук курамынын формасы сунушталды
Кыргыз Республикасынын Физикалык тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Италияда өтө...
Кышкы Олимпиада - 2026. Ар кандай өлкөлөрдүн параддык формасы кандай көрүнөт, карап көрөлү
2026-жылдагы кышкы Олимпия оюндарынын ачылыш аземи эртең, 6-февралда, Италиянын Милан шаарындагы...