XXV кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын улуттук курамынын формасы сунушталды
Кыргыз Республикасынын Физикалык тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Италияда өтө турган XXV кышкы Олимпиадалык оюндарына өзүнүн улуттук командасы үчүн жаңы спорттук жана параддык формаларды жарыялады.
Агенттиктен белгилешкендей, форманын иштелип чыгышы эл аралык стандарттарга жана кышкы Олимпиадалык оюндарынын талаптарына жооп берип, спортчулардын комфортун жана коопсуздугун камсыз кылууга басым жасалган, булар спортчуларга мелдештерде жогорку натыйжаларды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Параддык иш-чаралар үчүн ак түстөгү форма каралган, ал эми кара көк форма машыгуу үчүн арналган. Параддык комплект традициялык баш кийим - ак калпак менен толукталган.
Спорттук жана параддык формаларды түзүү демөөрчүлөрдүн колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиадалык комитети менен Физикалык тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы кызматташтык аркылуу мүмкүн болду.
XXV кышкы Олимпиадалык оюндары 6-февралдан 22-февралга чейин Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтөт, анда Кыргызстандык өкүлдөр тоо лыжасы жана лыжа жарыштарында өлкөсүнүн намысын коргоо үчүн атаандаштыкка түшөт.