Жыйындар 2-февралда Анталияда башталып, 18-февралга чейин уланат.
Иш-чарага 18 судья, 24 жардамчы, ошондой эле 7 инструктор, врач-массажист жана АФКдан чакырылган адис катышууда.
Кыргыз футбол союзу билдиргендей, даярдык учурунда судьялар физикалык даярдык менен алектенишет, теориялык сабактарга катышышат, видео талдоолорду жүргүзүшөт жана практикалык сессияларда иштешет, ошондой эле матчтарды тейлешет.
Мындан тышкары, оюн эрежелерин билүү боюнча тестирлөө, VAR системасы боюнча экзамендер жана физикалык даярдык боюнча контролдук сынактар өткөрүлөт.
Бул публикацияны Instagramда көрүү
Публикация The Kyrgyz Football Union (@kfu_kgz) тарабынан