





Антальяда Кыргыз футбол союзунун судьялары окуу-тренировка жыйындарына чогулушту. КФСтин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, иш-чаралар 2-февралдан 18-февралга чейин өтүүдө. Окууларга 18 негизги судья жана 24 жардамчы, ошондой эле 7 инструктор, врач-массажист жана Азия футбол конфедерациясынан (АФК) чакырылган адис катышууда.
Программа физикалык даярдык, теориялык сабактар, оюн моменттерин видео талдоо жана матчтарды тейлөө менен байланышкан практикалык сабактарды камтыйт.
Судьялардын даярдык деңгээлин баалоо үчүн оюн эрежелерин билүү боюнча тесттер, VAR системасы менен иштөө жөндөмдөрүн текшерүү жана физикалык даярдык боюнча контроль нормалары каралган.