
Ведомствонун маалыматына ылайык, салтанаттуу ачылыш аземине ак параддык кийим даярдалган.
Спортчулар кара көк спорттук формада машыгышат, бул форма эл аралык стандарттарга жооп берет жана комфортту жана коопсуздукту камсыздайт, деп белгиленет расмий билдирүүдө.




Эскерте кетсек, кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстанды эки спортчу: Тимур Шакиров тоо лыжасында жана Артур Сапарбеков лыжа жарыштарында көрсөтөт.