
КФС Максат Алимовдун улуттук футзал командасындагы карьеровун жыйынтыктаганы тууралуу билдирет.
Темага байланыштуу окуңуз
Футзал боюнча Азия Кубогу. Кыргызстан командасы Корея командасын утту
КФС тарабынан берилген маалыматка ылайык, 2026-жылдагы Азия Кубугунун топтук этабындагы Түштүк Корея командасына каршы оюн Алимовдун эл аралык мелдештердеги акыркы оюну болду.
«Максаттын командадагы дебюту 2013-жылы, Азия Кубугуна тандоо оюндарында катышканда болду. Ошол убактан бери анын аты кыргыз футзалынын тарыхында ажырагыс бөлүккө айланды.
Карьерасынын учурунда ал беш Азия Кубугунда ойноду, 2018-жылдан 2025-жылга чейин капитандык милдеттерди аткарып, көптөгөн маанилүү голдордун автору болуп, командадаштарын жеңишке шыктандырып келген чыныгы лидер болду», - деп айтылат билдирүүдө.
КФС спортчуга Кыргызстанда футзалды өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымы үчүн ыраазычылык билдирди.