Казакстандык Елена Рыбакина Australian Open турниринде биринчи ракетканы жеңди
Турнирдеги финалдык беттеш 2 саат 18 мүнөткө созулуп, 6:4, 4:6, 6:4 эсебинде Рыбакина жеңишке жетти. Ал үчүнчү сетте 0:3 эсебинде артта калса да, инициативаны кайра өзүнө алып, беттешти жеңди.
Турнирдин жеңүүчүсү 2,88 миллион доллар сыйлык алды, ал эми финалга чыккан Арина Соболенко 1,149 миллион доллар тапты.
26 жаштагы Елена Рыбакина үчүн бул чоң шлем турниридеги экинчи титул. Ал карьерасында биринчи жолу Australian Openди жеңип, 2022-жылы Уимблдондо жеңишке жеткен. Рыбакина азыркы учурда жекече разрядда WTA боюнча 12 титулга ээ.