Кубок Ярыгина: Кыргыздар экинчи күнү да медалсыз калды
30-январда Кыргызстандан беш күрөшчү мелдешке чыкты.
Алардын ичинен эң жакшы жыйынтыкты Арсалан Будажапов көрсөттү, ал 79 кг салмак категориясында чейрек финалга чейин жетти. Алгачкы эки беттешинде Дагестан жана Куба спортчуларын жеңди, бирок чейрек финалда Брянск облусунун спортчусуна утулуп калды, ал болсо жарым финалда жеңилип, Будажаповдун коло медаль утуп алуу мүмкүнчүлүгүн жоюп салды.
Арууке Кадырбек кызы 53 кг салмак категориясында катышып, биринчи беттешинде Азиза Келдибекованы жеңип, андан кийин орус спортчусунан утулуп калды.
Элина Карабалаева (53 кг) жана Танчолпон Кыбалбекова (57 кг) дагы ары карай өтө албай, биринчи беттештеринде жеңилип, байгелер үчүн күрөшүүдөн чыгышты.
Турнирдин биринчи күнү үч кыргызстандык кыз дагы медаль утуп ала алышкан жок.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Арсалан Будажапов Россиядагы Ярыгин кубогунун чейрек финалына чыкты
Кыргызстандык спортчу Арсалан Будажапов Россияда өтүп жаткан эл аралык турнирдеги чейрек финалга...
Без изображения
Кубок Ярыгина: Бүгүн Кыргызстандан беш спортчу чыгышат. Сеткалар
Бүгүн Россияда өткөн Иван Ярыгин атындагы эркин күрөш боюнча Кубоктун экинчи күнүндө жети комплект...
Без изображения
Кубок Ярыгина: Кыргызстандык кыздар биринчи күнү медалсыз калды
Биринчи күнү Иван Ярыгиндин эркин күрөш боюнча кубогу Красноярскте (Россия) өтүп жатат,...
Кыргызстандын аялдар курама командасы 2026-жылдагы «Ярыгин кубогу» турнирына катышат
Эл аралык «Ярыгина кубогу» турниры 2026-жылдын 29-январынан 1-февралына чейин Красноярск шаарында...